Айсулуу Тыныбекова кытайлык спортчуга ири эсеп менен жеңилип калды
Поделиться в:
Хорватияда өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде Айсулуу Тыныбекова биринчи беттешинде жеңилип калды. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.
Учурда, Хорватияда Zagreb Open рейтингдик турнири өтүүдө.
Тыныбекова бүгүн, 3-февралда 62 килограммга чейинки салмак ченинде старт алды. Кыргызстандык балбан кыз 1/16 финалдык баскычтан баштап, анын атаандашы Кытайдын спортчусу Сяожюан Луо болду. Тилеке каршы, кытайлык балбан кыз 10:4 эсебинде жеңишке жетип, 1/8 финалга өттү.
Белгилей кетсек, аталган турнирге Айсулуу Тыныбековадан сырткары Айпери Медет кызы да катышат.
Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-kytajlyk-sportchuga-iri-esep-menen-zheilip-kaldy
Добавить комментарий ×