Айсулуу Тыныбекова: Бүгүн мен үчүн өзгөчө күн болду

19 октябрь 2021 15:43 7311 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону  Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 19-октябрда үч эмди төрөтканадан чыгарууга барды: ымыркайлардын ата-энеси Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасынын мүчөлөрү Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медетбекова, Мээрим Жуманазарованын урматына кыздарына ысым ыйгарышкан. Бул тууралуу Тыныбекованын социалдык баракчасындагы постко шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт. 

“Бүгүн мен үчүн өзгөчө күн болду, анткени төрөт үйүнө мен биринчи жолу барып, үч эм кыздарды жарык дүйнөгө алып келген Бермет эже менен баарлашып өзгөчө сезимдерге чөмүлдүм.

Айсулуу, Айпери, Аймээрим сиңдилерим дүйнөгө аттары чыккан, күчтүү, мээримдүү, бактылуу кыздардан болушсун! Наристелерге узун жана маңыздуу жашоону каалайм!”,-деп жазды өзүнүн баракчасына спортчу.

Тыныбекова үч эмдин апасына белек тапшырды.

Кыздардын апасы Бермет Дубашева 5-октябрда - күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионат башталган күнү үч эм төрөгөн. Кыздарга Айсулуу, Айпери, Аймээрим деген ысым ыйгарышты.



Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-bgn-men-chn-zgch-kn-boldu



Добавить комментарий