Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты

12 октября 2021 16:44 3606 Barometr
Поделиться в:
ok

Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн UWW версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингинде биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Жаңыланган рейтинг Норвегиянын Осло шаарында өткөн дүйнөлүк чемпионаттын жыйынтыгы боюнча чыгарылды.

Дүйнөлүк чемпионатта Тыныбекова 62 кг салмак боюнча турнирде алтын медалды утуп, өзүнүн чемпиондук наамын коргоп калды. Бул ага  кошумча 60 упай топтоп жана жалпы 138 упай менен дүйнөлүк рейтингде 1-орунга бекемделүүгө шарт түздү.

Япониянын балбаны Юкако Каваи 68 упай менен экинчи орунда турат.

Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-djnlk-rejtingde-birinchi-orunga-chykty



Добавить комментарий