Айсулуу Тыныбекова баш болгон балбан кыздардын машыктыруучусу Нурбек Изабеков 51 жашка толду

15 февраль 2021 11:03 1505 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова сыяктуу дүйнө чемпиондорунун машыктыруучусу Нурбек Изабеков 51 жашка толду. Бул тууралуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Бүгүн, 15-февралда чемпион кыздардын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков 51 жашка толду.

"Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жамааты кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабековду туулган күнү менен куттуктайт!

Урматтуу Нурбек Канатбекович,

Чын жүрөктөн сизди өздүк майрамыңыз менен куттуктап, дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайбыз!

Өлкөдө кыз-келиндер күрөшүн өнүктүрүүгө кошкон зор салымыңыз үчүн дагы бир ирээт ийилип таазим этебиз! Сиз ата мекендик спорттун тарыхында биринчи Дүйнө чемпионун, көптөгөн эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрүн, байгелүү орун ээлерин тарбияладыңыз. Сиздин чеберчилигиңиздин, талыкпас ак эмгегиңиздин артынан Олимпиадалык бийиктикти да багындырабыз деп терең ишенебиз!

Сизге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана аруу тилектердин ишке ашышын каалайбыз!", - деп айтылат куттуктоодо. 

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Нурбек Изабеков 1970-жылы 15-февралда Талас облусунун Талас районунун Жергетал айылында жарык дүйнөгө келген. Бүгүн Нурбек Изабеков 51 жашка чыкты. 

Спорттогу жетишкендиктери:

•  1988 — спорт интернаттар арасында КСРБнин  чемпиону, эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында КСРБнин коло  медалдын ээси,  Жаштардын бүткүл союздук оюндарынын коло  медалдын ээси;

•  1989 — эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында КСРБнин коло  медалдын ээси;

•  1995 —  Азия чемпионатынын күмүш медалдын ээси (Манила, Филиппины);

•  1999 — Азия Чемпионатынын күмүш медалдын ээси (Ташкент, Өзбекстан);

•  2000-2009 — күрөш жана бокс боюнча Республикалык адистештирилген олимпиадалык резервдеги балдар жана өспүрүмдөр мектебинин эркин күрөш боюнча усулчусу;

•  2007-2009 — Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу;

•  2007-2009 — Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча уландар курама командасынын улук машыктыруучусу;

•  2010 — Кыргыз Республикасынын  кыз-келиндер улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу.

Эске сала кетсек, Нурбек Изабеков Кыргызстандын кыздар күрөшүнүн курама командасынын башкы машыктыруучусу. Ал машыктырган балбан кыздар 2020-жылдын декабрь айында Сербиянын Белград шаарында өткөн  Дүйнө кубогунда байгелүү кайтышкан. Изабековдун балбан кыздары Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын медаль алышса Айпери Медет кызы коло медаль утуп, машыктыруучусуна жана жалпы кыргыз элине кубаныч тартуулашкан.

Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-bash-bolgon-balban-kyzdardyn-mashyktyruuchusu-nurbek-izabekov-51-zhashka-toldu



Добавить комментарий