Колдоп туралы! Бүгүн Калмира Билимбек кызы Дүйнөлүк чемпионаттын финалында күрөшөт

17 август 2023 14:23 1648 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дүйнө чемпионатында Калмира Билимбек кызы коло үчүн күрөшөт. Бул тууралуу “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Кыргызстандык спортчу Калмира Билимбек кызы Иорданияда өтүп жаткан 20 жашка чейинки (U20) балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында коло үчүн күрөшөт.

Калмира Билимбек кызы килем үстүнө 16-августта чыгып, таймашты квалификациялык айлампадан баштаган. 

Биринчи кармашында ал өзбекстандык спортчуну 11:1 эсебинде жеңди. Андан кийин 1/8 финалда казакстандык балбан кызды 8:1 эсебинде утуп келе жатып, далысын килемге басып, таза жеңишке жетти.

Чейрек финалда ал япониялык атаандашын 10:0 эсебинде утту.

Бирок жарым финалдык беттеште Калмира Билимбек кызы бейтарап туунун алдында чыгып жаткан Алеся Гетмановага 4:6 эсебинде жеңилип, коло байге үчүн күрөшө турган болду.

Үчүнчү орун үчүн кармаш бүгүн, 17-августта өтөт. Калмира Билимбек кызынын атаандашы польшалык Александра Витос менен түркиялык Севим Акбаштын ортосундагы беттеште жеңген спортчу болот.


Ссылка: https://barometr.kg/kyzybyzdy-koldop-turaly-bgn-kalmira-bilimbek-kyzy-djnlk-chempionattyn-finalynda-krsht



Добавить комментарий