Айпери Кубик кызы жашырып жүргөн күйөөсүнүн сүрөтүн жарыялады

24 декабрь 2018 21:01 8697 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Айпери Кубик кызы күйөөсүнүн сүрөтүн Инстаграмдагы жеке баракчасына жарыялады. Ал буга чейин күйөрмандарынан жашырып, социалдык тармактарга чыгарбай келген. 

"Салам жалпыга, биз 800К болдук. Мени менен чогуу болгонуңуздарга чон рахмат. Сүйүктүү жолдошум"-деп жазган.

Күйөрмандары жарым бети көрүнгөн Айпери Кубик кызынын күйөөсүн актриса Асеманын жолдошуна дагы окшоштуруп жиберишти.

Элдин көзүнчө жытташпай жөн сүрөткө түшсөңөр деле болбойт беле деп терс кабыл алгандар да болду. Бирок, көпчүлүк эки жашка бакыт каалады. 

Эске салсак, ырчы айым экинчи наристесин күтүп жаткандыгы белгилүү. 

Ссылка: https://barometr.kg/ajperi-kubik-kyzy-zhashyryp-zhrgn-kjsnn-srtn-zharyyalady



Добавить комментарий