Айпери Кубик кызы жолдошу менен ажырашып кетти

17 май 2023 15:44 3470 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Айпери Кубик кызы жолдошу менен эки ажырым жолго түштү. Бул тууралуу ырчынын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, ырчы жолдошу менен ажырашканына көп убакыт болгон.

“Беш жыл ичинде жолдошум экөөбүз бирде чогуу жашап, бирде узак убакытка ажырап, кайра жарашып жүрүп, акыры эки ажырым жолго түштүк. Бир топ убакыт болуп калды. Балдарым менен жалгыз бой энелердин катарына кошулдум.
Балдарымды ата-эне, бир туугандарым карашып, жардам берип жатат”, -деп жазды Айпери Кубик кызы.


Ссылка: https://barometr.kg/ajperi-kubik-kyzy-zholdoshu-menen-azhyrashyp-ketti



Добавить комментарий