Айпери Калыкова: Атам бар мен күчтүүмүн!
Айтылуу куудул, обончу Кубик Калыковдун кызы Айпери Калыкова атасынын жолун жолдоп, чыгармачылыгын улантып келе жатат. Ырчы ата-энесине болгон ыраазычылыгын социалдык баракчасынан билдирди.
“Атам бар мен күчтүүмүн! Атам бар мен эркелейм! Атам менин тирегим, таянаарым! Менин ичимде эмне болуп жатканын дайыма сезет. Билдирбей жашырсам да сезип турат... Атам көп нерсени үйрөтөт. Мага ишенет . Мени ушундай кылып тарбиялаптыр, жашоодо канча чалынсам да, канча күйсөм да эч бир сынбадым! Сынбайм дагы! Канча деген оор күндөр болду. Бир гана атам менен апам колдоп, мага дем, күч берип, мени түшүнүп, акыл насаатын айтып, бутума кайра тургузуп коюп жатышты! Аллахым мага ушундай ата-энени буйруганына миң мертебе шүгүр кылам! Сиз мыкты атасыз! Апам да мыкты! Ушундай күчтүү кылып чоңойтуп, өстүргөнүңүздөргө терең таазим. Мен силерди жакшы көрөм!” – деп жазды.
Ссылка: https://barometr.kg/ajperi-kalykova-atam-bar-men-kchtmn-atam-bar-men-erkelejm
Добавить комментарий ×