Акматова: "Коронавирустан айыккандар дем алуу гимнастикасын кылыш керек"

13 июль 2020 13:03 1056 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коронавирустан айыккандар ден соолугуна өзгөчө кам көрүп, дарыгердин сунуштарын так аткарышы керек. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Коронавирустан айыгып, абалы жакшырган бейтаптар дем алуу көнүгүүсүн кылып, ден соолугуна кам көрүүсү керек.

«Коронавирустан айыккан жарандар ден соолугуна өзгөчө кам көрүп, дарыгердин жазып берген сунуштарын так аткарышы зарыл. Мисалы, дем алуу гимнастикасын жасап, диета кармоосу шарт», - бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси билдирди.

Андан сырткары, айыкканына карабастан алар да бет кап тагынып, антисептикалык каражаттарды колдонуп, колду бат-бат жууп, аралыкты сактоосу маанилүү.

Ошондой эле министрлик брифинг учурунда өз алдынча дарылануу болбойт экенин, антибиотиктер, гороналдык дарылар ден соолукка терс таасирин тийгизээри белгиленди.

«Өз алдынча антибиотиктер, гормоналдык дарылар жана С гепатитин дарылоочу дармектерди колдонуу ден соолукка зыянын тийгизет. Анткени, бейтап стационарга жаткырылган учурда, ага чейин колдонулган дармектер дарылоо курсуна терс таасирин бериши мүмкүн. Мындан улам, ден соолугу начарлап, башка оорулары күчөшү ыктымал. Негизгиси, өзүнүн саламаттыгын байкап туруу жана стационарга жатууга себеп болгон симптомдорун өткөрүп жибербөө зарыл. Алар, дем алуунун жетишсиздиги жана анын ылдамдашы», - деп белгиледи Айнура Акматова.

Эскерте кетсек, өлкөдө коронавирусту жугузгандар 11 миң 117ге жетти.


Ссылка: https://barometr.kg/ajnura-akmatova-z-aldyncha-gormonaldyk-darylardy-pajdalanuu-kooptuu



Добавить комментарий