Аймактар аралык кастыкты козутту деп камакка алынган Афтандилди сот үй камагына чыгарды
УКМК «Аймактар аралык касташууну козутуу» беренеси менен камакка алынган “БеспределKG” баракчасынын негиздөөчүсү Афтандил Жоробеков үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 5-декабрь күнү кечинде чыгарды.
Эске салсак, 24-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети “Беспредел KG” маалымат булагынын администратору Афтандил Жоробековду аймактар аралык кастыкты козутууга аракет жасады деп айыптап, камакка алган.
Сотко чейинки өндүрүштө Бишкектин Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 2020-жылдын 24-январына чейин УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин чыгарган болчу.
Афтандилге бир нече жолу аймактар аралык жаңжалды козутууга үндөгөн жалган жана провокациялык мүнөздөгү маалыматтарды таратып, жарандарды мыйзамсыз жана зордук-зомбулук иш аракеттерге түрткү кылып, колдонуучулар арасында каршы ойлорду жаратып, бири бирин жек көрүү түрүндө аймактар аралык касташууну жараткан деген айыптоолор тагылган.
Бул факты боюнча материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-п. «Аймактар аралык касашууну козутуу» боюнча катталган.
Добавить комментарий ×