Айгерим Расул кызы: Төрөткө жакын "ходовойлорум" кетти
Ырчы Айгерим Расул кызы тогузунчу айды көтөрүп, жакында эки бөлүнүп алсам деп турган убагы. Ырчы тамаша-чынга аралаштырып, дене-турпаты тууралуу: "Маанайым жок, ходовойлор кетти"-деп жазды жеке баракчасына.
Мындай билдирүүгө күйөрмандар тамаша иретинде: "Кытайдын тетиктери көбөйгөн, ходовойлорундү арзан эле жасатып аласың"-дешти. Ал эми айрымдары: "Эмнени сепсең ошону аласын деген кеп бар кыргызда. Жакшы сөз сүйлө "ходовой кетти дебей"-деп тескери кабыл алгандар да болду.
Албетте, эл алдында чыгып жүргөн элдин адамдары үчүн сымбаттуу, келишимдүү дене мүчө керек. Ошентсе дагы, үй-бүлө менен сахнаны бирдей алып келе жаткан Айгеримге көпчүлүгү аман-эсен көз жарып алышын каалашты.
Ссылка: https://barometr.kg/ajgerim-rasul-kyzy-trtk-zhakyn-hodovojlorum-ketti
Добавить комментарий ×