Айганыш Абдиева үй-бүлөсү жана чыгармачылыгы тууралуу: "Сөз айткандарды жолдошума жеткирбей эле көзөмөлдөп турам"

21 май 2019 13:27 6952 1 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз эстрада ырчыларынын ичинде күйөрмандары “эң күлкүлүү” деп атаган жарык маанай ырчы Айганыш Абдиева өзүнүн үй-бүлөсү жана чыгармачылыгында болуп жаткан жаңылыктары менен Barometr.kg редакциясына берген маегинде айтып берди.

-Саламатсызбы Айганыш! Чыгармачылыкка эң алгач качан келдиңиз эле?

-Чыгармачылыкка эң биринчи 10 жыл мурда келгем. Анда мен 17 жашта болчумун. Биздин байкебиз Өктөм Сапар уулу “Жалгызым” деген ырды чогуу ырдайлы деп сунуш киргизген. Ал убакта такыр кызыкчу эмесмин. Такыр кызыкпаган үчүн болуш керек “Жалгызымсың” дуетин жаздырып клип тарткандан кийин кайра эле токтоп калгам. Бирок Өктөм байке 19-20 жашымда дагы 2 ыр белекке берип, ырда, ушул боюнча токтоп калба, дагы иштеш керек деп айткан. Анда дагы такыр кызыгуум болбой, балким ошол буйрук болгонбу билбейм айтор ырды жаздырып коюп эле өзүмдүн үстүмөн иштебей койгом. Анан 24 жашымда турмушка чыкканда жеке чыгармачылыгым менен иштеп баштадым. Кайра ортодо балалуу болуп калып бир аз пауза болуп калды, бирок ага карабай эми чыгармачылыкка кайра киришип жакшы пландар менен алек болуп жүрөм.

-Андан бери жалпы канча ыр жаздырып, канча клип тарттырдыңыз?

-Бир иштеп бир токтоп жүрүп 8-9 ыр жаздырдым алардын төртөөнө клип тартылган.

-Үй-бүлөңүз, жолдошуңуз тууралуу айтып берсеңиз...

-Мен үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүнчүсүмүн. Бешөөбуз тең кызбыз, эркек жок. Атабыз биз кичинекей кезибизде каза болуп калган. Апам өзү апа да болуп ата да болуп бизди тарбиялап чоңойткон. Бир туугандарымдан төртөөбүз турмушка чыкканбыз, эң кичүү сиңдим апам менен турат. Ал эми өзүмдүн үй-бүлөм тууралуу айта турган болсом, учурда жолдошум бар. Турмашка чыкканыма 5 жыл болду. Бир уулубуз бар, ал 1 жарым жашка чыгып калды. Биз үйлөнгөндөн тарта эле жолдошумдун сүрөттөрү менен бөлүшкөн эмесмин. Бул биздин үй-бүлөлүк мыйзам десем да болот. Ал адам өзү чыгармачылык чөйрөдө болбогондон кийин ачыкка чыгууну каалаган эмес.

-Жеке концерт берем деген пландарыңыз барбы?

-Азырынча концерт тууралуу сүйлөсөм уят болуп калам го. Буюрса кыялымда жандуу үн менен, өзгөчө концерт берем деген жакшы ниеттерим бар, бирок качан экенин азырынча так айтыш кыйын. Мүмкүн 3 жылдан кийин балким жакшы иштесем 2 жылдан кийин берем го. Азырынча ага менин деңгээлим жете элек деп ойлойм. Ал үчүн эмгек кылыш керек, ырчыны көп эл таанышы керек. Мен чыгармачылыкка убактылуу эле келбегендиктен бул нерсе планымда бар.

-Чыгармачылыгызды жолдошуңуз колдойбу?

-Ооба. Акча жагынан дагы, кеңеше турган жагынан дагы жолдошум дайыма колдоп пикирин айтып, жардам берип турат. Негизи өзү музыка, чыгармачылыктан алыс адам болгонуна карабай менин да каалоолорумду сыйлап турат. Ошонусуна аябай ыраазы болом.

-Инстаграм баракчаңыздагы күлкүлүү видеолор кантип жаралып калды эле? Аларга айытылган негативтерди кандай кабыл аласыз?

-Төрөгөндөн кийин эле ушундай болуп калдым дебеймби? (күлүп) Өзүм негизи эле позитив менен жүргөндү жакшы көрөм, элдин ою менен жашабайм. Кандай жакса, кандай ыңгайлуу болсо ошондой жүрөм, турмушка чыкканда да ошентип чыккам. Бул дегеним такыр чоңдорду сыйлабайм деген дагы сөз эмес, албетте укчу жерден угам. Видео тартканда да ошондой болду. Комментарийге хейтерлер жазат, күйөрмандар жазат, байкап карасам жакшы жазылган пикирлер көп экен. Кээ бирлер үйдө маанайым жок отурганда сенин видеоңду көрүп кайра көтөрүлүп калат дешсе, сенин видеолоруңду аябай күтөм дегендер да болот. Алардын баарын байкап көрүп анан уланта берүүнү чечтим. Биринчи өзү балама тартчумун, ошону көргөзүп алаксытчумун. Анан эле тарап кетти, ошол видео балким 5 кишинин же 10 кишинин маанайын көтөрсө демек мен негитив тараткан жокмун.


-Чыгармачылыкка келгенден кийин өкүнүп калган учурлар болдубу?

-Жок болгон жок, анткени мен турмушка чыга электе деле 14-15 жашымда кафелерде ырдачумун. Көпчүлүк ырчылардын чыгармачылыгы турмушка чыккандан кийин токтосо меники тескерисинче болуп турмушка чыккандан кийин ырдагым келди. Жолдошумдун колдоосу менен 23-24 жашымда жакшы чечим кабыл алдым, өкүнө турган убактым дагы болгон жок.

-Аша чапкан күйөрмандарыңыз болду беле, аларга кандай чара колдоносуз?

-Андайлар боло берет, инстаграмдан жаза беришет, кээде номеримди таап чыгып ватсаптан жазат, чалат. Бирок менде өзү эркек мүнөзүм бар да, аны жолдошум дагы билет. Жакшы каалоо-тилектерин айткан адамга мен да жакшы мамиле жасайм, бат эле тил табышып кетем. Эгерде туура эмес багыттагы сөз айткандарга жаман мүнөзүмдү колдонуп коём. Сөз айткандарды жолдошума жеткирбей эле көзөмөлдөп турам.

-Кесиптештериңиздин кимисин мыкты деп айта аласыз?

-Бизде жакшы ырчылар көп эле. Эстрада багытында деп бирөөнү айта албайм, бирок иштегени, чыгарган ырлары, элдин табитин таба билгени боюнча Мирбек Атабеков байкенин эмгегин аябай баалайм. Үнүнөн баштап ырлары, клиптери баары жогорку деңгээлде. Мирбек байкени өтө сыйлайм, анын ар бир чыгарган ыры хит болот.

-Жаңы чыгармаларыңызга качан күбө боло алабыз?

-Бир эски ырды жаңылап жазып чыктык. Кудай буюрса бүгүн же эртең баракчамдан премьерасы менен бөлүшөм. Андан тышкары дагы 2 ыр даяр болуп калды. Аларды дагы ирети менен тартуулайм.

-Маегиңизге чоң рахмат!

Ссылка: https://barometr.kg/ajganysh-abdieva-j-bls-zhana-chygarmachylygy-tuuraluu-sz-ajtkandardy-zholdoshuma-zhetkirbej-ele-kzmldp-turam



Добавить комментарий