Айдар Акаевдин сөөгү кайда коюлары белгилүү болду. Буга чейин Кыргызстанга коюлсун деген сунуштар айтылган
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин сөөгү Москва шаарына коюлат. Бул тууралуу бир катар ЖМКлар Акаевдин жакындарына таянуу менен жазды.
Белгилей кетсек, Айдар Акаев 5-февралда кечинде каза болгон. Маалыматка ылайык, анын жүрөгү токтоп калган. Анын сөөгү "Зеленая Лощина" поселкасындагы коттедждерден табылган. Ал 10-февралда 44 жашка чыкмак.
Айдар Акаевдин тажыясы 8-февралда, ишемби күнү өтөт. Анын артында үч баласы калды.
Ал ортодо Айдар Акаевдин сөөгү Кыргызстанга коюлушу керек, Акаевге баласын киндип каны тамган жерде жерге берүүгө уруксат берилиши керек деп чыккандар дагы болду.
Ссылка: https://barometr.kg/ajdar-akaevdin-sg-kajda-koyulary-belgil-boldu
Добавить комментарий ×