Айдар Акаевдин сөөгүн Кыргызстанга коюу сунушталууда

6 февраля 2020 16:10 6279 4 Barometr
Поделиться в:
ok

Айдар Акаевдин сөөгүн Кыргызстанга коюуга мүмкүндүк берүү керектигин айрым активисттер социалдык тармактарга жазышууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев 5-февралда Москвада жүрөгү кармап каза болгону маалымдалган. Ал бир жумадан кийин - 10-февралда 44 жашка чыкмак. Анын сөөгү Москвадагы "Зеленая Лощина" поселогундагы элиталык үйлөрдүн биринен табылган. Окуя болгон жерге келген тийиштүү кызматтын өкүлдөрү анын денесинен эч кандай зомбулуктун белгилерин аныктаган эмес.

Укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова Facebook баракчасына адамдын күйүтүн саясат менен аралаштырбай, Айдар Акаевдин сөөгүн Кеминге коюу керектигин жазды.

Азиза Абдирасулова дагы социалдык тармактагы баракчасына “Каап, жаман болуптур. Сөөгүн өз мекенине алып келип, коштошууга баардык жакындарына мүмкүнчүлүк берилиши керек. Өлүм баарыбыздын башыбызда бар” деген билдирүү калтырды.

Дагы бир укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Аскар Акаевге баласын киндик каны тамган жерде жерге берүүгө мүмкүндүк берилиши керектигин, ал эми бийлик бул маселени оң жагына чечип берүүсү кажеттигин билдирди.

Ал ортодо айрым ЖМКлар Акаевдин туугандарына шилтеме берүү менен Айдар Акаевдин сөөгү Москвага коюла турганын жазышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/ajdar-akaevdin-sgn-kyrgyzstanga-koyuu-sunushtaluuda



Добавить комментарий