Айчүрөк Иманалиева: Шум ажалга баламды алдырып, жер кучактап калып калдым

22 июнь 2022 10:05 2153 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева уулу Аргенди кырчындай кезинде ажалга алдырып, боздоп олтуруп калганын айтты. Бул тууралуу ырчы айым өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазган маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Өлүм жаш-карыны карабайт экен. Шум ажалга жаш, көргөндөн көрө элеги көп, он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек уулумду колдон жулдуруп, отуруп калдым. Аргеним, эстесем жүрөгүм сыздайт. Эне үчүн мындан өткөн арман болбос! Кагылайыным, жаткан жериң жайлуу болсун. Жаратканым сени бейиштик кылсын. Ак сүтүмдөн кечтим. Өмүр бою жүрөгүмдө, элесиң көз алдымда болор. Кара жерди кучактап жатып калганыңа ишенип-ишенбей, сүрөттөрүңдү карап, эшикти ачып, кирип келчүдөй болосуң. Бала канча жашка чыкса да, эне үчүн өмүр бою бала. Балапаным колдон кетти. Бул жашоонун жыргалын толук көрбөй кетти. “Аркы дүйнөнүн жыргалын көр” деп тиленгенден башка айлам жок”, — деп жазды ырчы айым. 

Эскерте кетсек, Айчүрөк Иманалиеванын тун уулу Арген кече, 21-июнь күнү жүрөк оорудан улам каза болгону кабарланган.

Ссылка: https://barometr.kg/ajchrk-imanalieva-shum-azhalga-balapan-balamdy-aldyryp-zher-kuchaktap-kalyp-kaldym



Добавить комментарий