Аида Салянова: "Бул адам менин жакындарыма көп кесепет алып келди, өлкөдөгү эң башкы "жан алгыч" Атамбаев өзү болду

21 ноябрь 2018 09:40 2990 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

"Атамбаев менин жакындарыма көп кесепет алып келди. Анын көрсөтмөсү менен мага каршы, менин жолдошума, байкеме каршы жасалма иштер козголду. Ɵлкөдөгү эң башкы "жан алгыч" Атамбаев өзү болду. Анын коркунучтуу зулум иштери жөнүндө биз дагы угабыз, аны жүрөгүм сезип турат...". Мындай пикирин мурдагы баш прокурор Аида Салянова Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди. 

"Тиреш тереңдеп, жакын арада басаңдабайт окшойт.  Атамбаевди бардык жагынан колдоого алып, президент тандоодо гана жаңылып калды дегендер менен катар эле Атамбаевди сындагандар чыгууда. Ɵзүнүн кемчилигин башка бирөөдөн көргөн адам менен сүйлөшпөй эле коюш керек. Бул жугуштуу. Зыяндуу. Кээде коркунучтуу!"-деп жазды Салянова.

Бул интервью жөнүндө эмне десек болот:
1. Атамбаев бийликти жеке басарлык менен энчилеп, ээлеп алганын – чарба, сот, укук коргоо функцияларын калчап келгенин өзү мойнуна алды.

2. Текебаевдин иши саясий буюртма экенин тааныды.

3. Ырас, Атамбаев кылмыш иштери боюнча тапшырма берген эмес. Бул менин кызматтан кетишимдин себептеринин бири. Ага каалаган сандагы буйрук берсе боло тургандай өзүнүн адамы керек эле. Ал түгүл, мен кийин өзүм сот процесстерин баштан өткөргөндө, ал буйруктарды судьяларга берип турганына ишендим. Анын айлана чөйрөсү дал ошол судьялар аркылуу жоопкерчиликтен кутулуп жатты. Прокурорлордун эмгеги менен тобокел иштери ага түккө да турган жок. Атамбаевди анын мурдакы “достору” сындап жатканда жийиркенесиң. Андай “сынга” кошулгуң келбейт. Бирок ал муну түшүнбөйт сыяктуу"-деп жазылган. 

Белгилүү болгондой, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин интервьюсунан кийин ага карата баа берүүлөр, жеке саясий пикирлер айтылып жатат. 

Ссылка: https://barometr.kg/aida-salyanova-bul-adam-menin-zhakyndaryma-kp-kesepet-alyp-keldi-lkdg-e-bashky-zhan-algych-atambaev-z-boldu



Добавить комментарий