Афганистандын чыгышында болгон селден эң аз дегенде 150дөй киши каза тапты
Афганистандын чыгышындагы Пакистан менен чектешкен Нуристан провинциясында суу ташкыны болуп, эң аз дегенде 150дөй адам каза тапты. Бул тууралуу 1TV телеканалына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.
Провинциянын жергиликтүү кеңешинин башчысы Нуристан Садулла Паяндазоинин айтымында, нөшөрлөгөн жамгыр Камдиш уездине жааган.
Паяндазои 80дей үй суунун алдында калганын, дайынсыз жоголгондордун саны ондоп саналарын кошумчалады.
Аталган өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү телеканалга берген маегинде 100дөн ашык адам каза тапканын айтты.Куткаруу иштери уланууда.
“Талибан” кыймылы көзөмөлгө алган уездерге гуманитардык жардам жеткирүү мүмкүн эмес болууда.
Ссылка: https://barometr.kg/afganistandyn-chygyshynda-bolgon-selden-e-az-degende-150dj-kishi-kaza-tapty
Добавить комментарий ×