Афганистандагы Фарах провинциясындагы жардырууга талибдер жоопкерчилик алды

15 октябрь 2018 11:15 1122 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Афганистанда 13-октябрдагы Фарах провинциясындагы жардыруудан 17 аскер адамы өлүп, 11дей барымтага алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Берилген маалыматка ылайык, жардырууну Талибан кыймылы өз мойнуна алган. Кабулдагы 20-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого карай жасалган бул кагылышууда эки тарап тен жоготууларга учураган. Маалыматта айтылгандай Забул облусунун түштүгүндөгү кол салууларда полиция башчысы каза болгон. 

Алдыда боло турчу шайлоого аялдар дагы чыгып жаткандыгы айтылган. Буга Талибан согушкерлери америкалыктардын саясий аралашуусу деп эсептеп, ага каршы туруу үчүн болгон куч аракеттерин жумшоону билдирген. 

Ссылка: https://barometr.kg/afganistandagy-farah-provinciyasyndagy-zhardyruuga-talibder-zhoopkerchilik-aldy



Добавить комментарий