Афганистанда 15 жаштагы кыз эки террористти өлтүрдү (Сүрөт)
Афганистандагы айылдардын биринде 15 жаштагы кыз «Талибан» кыймылынын 2 мүчөсүн өлтүрдү. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКларга шилтеме берип “Барометр” которду.
Афганистандагы провинцияда түн оогон кезде террорчулар турак үйгө кол салып, андагы үй ээсин өлтүрүү менен эки кишисинен ажырашкан. Аларды 15 жаштагы өспүрүм кыз Калашников АК-47 мылтыгы менен аткан.
“Түнкү саат 02:00 чамасында террорчулар турак үйдүн эшигин такылдатышкан. Ал үйдүн жашоочусу 15 жаштагы Камар Гүл уктап жаткан жеринен тура калып, 12 жаштагы инисин жашырган. Үй ээси эшикти ачуудан баш картканда куралчан адамдар күч колдонуп эшикти ачышып, кыздын ата-энесин өлтүрүп салышкан. Аны көргөн өспүрүм кыз Калашников АК-47 мылтыгын алып, террорчулар кайрадан үйгө кирип бара жатканда аларга карата ок чыгарган. Андан 2 террорчу каза болуп, калгандары жаракат алган», - деп айтылат маалыматта.
Кийин ал бул окуя тууралуу өспүрүм кыз өзү журналисттер менен жолугушууда айтып берген. Ал болгон күчү менен террорчуларга каршы күрөшүүгө даяр экенин билдирет.
Белгилей кетсек, 15 жаштагы Камар Гүл жана анын иниси мамлекет тарабынан коопсуз аймакка көчүрүлдү.
Ссылка: https://barometr.kg/afganistanda-15-zhashtagy-kyz-taliban-kyjmylynyn-2-mchsn-trd-srt
Добавить комментарий ×