Адистин кеңеши: Жүрөктүн кагышынын жогорулугу өлүмгө алып келүү коркунучун туудурат

22 октябрь 2020 10:25 1710 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Адистер орто курактагы адамдардын жүрөгүнүн кагышынын жогорулугу эрте өлүмгө алып келүү коркунучун эки эсе көбөйтөт деп белгилешти. Гетеборг университетинин изилдөөчүлөрү кайсы импульс өмүргө коркунуч туудурарын айтышкан. Алардын изилдөөнүн жыйынтыгы Open Heart журналында жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Адистер орто курактагы жүрөктүн кагышынын жогорулугу эрте өлүмгө алып келүү коркунучун эки эсе көбөйтөт деп белгилешти. Алар ушул убакка чейин бул байланыштын так себептерин айта алышкан жок, ошол эле учурда алар жүрөктүн кагышынын өзгөрүшүн көзөмөлдөө адамдын жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу коркунучу канчалык жогору экендигин билүүгө жардам берерин белгилешти.

Эксперттер адамдын жүрөгүнүн кагышы ар кандай куракта ар башка экендигин эске салышты. Ошентип, 40-50 жашта норма бир мүнөтүнө 65-90, 51 жаштан жогорку адамдарга мөөнөтүнө 60-90 сокку болот деп айтышты.

Белгилүү болгондой, кичинекей импульс (албетте, кадимки чекте) физикалык даярдыкты жана жүрөк-кан тамыр системасынын кадимки абалын көрсөтөт. Илимпоздор жүрөктүн кагышындагы өзгөрүүлөр ден-соолукка кандай таасир этээрин жана анын эрте өлүмгө алып келүү коркунучу менен байланыштуу экендигин аныктоону чечишти.

Эксперимент Швецияда жүргүзүлгөн.

Натыйжада, изилдөөгө катышып,  жүрөгүнүн согушу ылдам болгон 119 эркек 71 жашка жетпей көз жумган.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, жүрөктүн кагышы мүнөтүнө 75тен ашса, ар кандай себептерден улам өлүм коркунучу эки эсе жогорулап, жүрөктүн мүнөтүнө 55 же андан төмөн согушу менен салыштырылган..

Ссылка: https://barometr.kg/adistin-keeshi-zhrktn-kagyshynyn-zhogorulugu-lmg-alyp-kel-korkunuchun-tuudurat



Добавить комментарий