Адистер: Адам ууланганда алмурут жардам берет

9 февраль 2022 12:54 1616 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Адам тамакка ууланганда же холестериндин калдыктарын чыгарам дегенде алмурут жардамга келери белгиленген. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Ошондой эле, алмурут тамак сиңирүүгө жардам берет. Курамында калий, магний жана пектин бар. Аны жада калса десерт катары же ботконун ордуна жесе болору айтылат.

Күзүндө ден соолукту чыңдоо үчүн кайсы жемишти жана жашылчаны көбүрөөк жеш керектигин диетологдор маамылдады.

Алардын айтымында, ашкабак организмге абдан пайдалуу азык. Анын курамындагы бета-каротин көздүн көрүүсүн, терини жакшыртып, денедеги былжыр челдерди калыбына келтирет.

Ошондой эле иммунитетти чыңдап, жөтөлдүн алдын алат. Ашкабактын курамындагы А витамини рактан жана меланомадан сактайт. Ал эми калий жүрөк-кан тамыр ооруларын болтурбайт. Ашкабак кандай бышырылса да пайдалуу касиеттерин жоготпой турганы белгиленет.

Кара өрүк дагы организмге аба менен суудай керек. Андагы антиоксиданттардын көптүгү картаюу процессин кечеңдетет. Мындан тышкары, кара өрүктө клетчатка, пектин жана С витамини бар.



Ссылка: https://barometr.kg/adister-adam-uulanganda-almurut-zhardam-beret



Добавить комментарий