Стационарда иштеп жатып каза болгон студентке «Эрдик» медалы берилди
Стационарда иштеп жатып каза болгон медик-ыктыярчы Адинай Мырзабековага «Эрдик» медалы берилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Президент кол койгон жарлыкка ылайык, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти Мырзабекова Адинай Замирбековна өз жанын аябай жасаган ыктыярдуу эмгеги жана коронавируска каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн «Эрдик» медалы менен (курман болгондон кийин) сыйланды.
Эскерте кетсек, 13-июлда медицина окуу жайынын 5-курсунун студенти Мырзабекова Адинай борбор калаанын күндүзгү стационарларынын биринде ыктыярчы дарыгер болуп иштеп жатып каза болгон. 22-жаштагы кыздын ден соолугу кескин начарлап, денеси карыша баштаганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирген эле. Алдын ала маалымат боюнча өлүмдүн себеби эки тараптуу пневмония деп айтылган.
Ссылка: https://barometr.kg/adinaj-myrzabekova-erdik-medaly-menen-kurman-bolgondon-kijin-syjlandy
Добавить комментарий ×