Адамдын тагдыры ысымына байланыштуу болобу?

11 ноябрь 2022 09:00 9586 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Адамдын асан чакырылып коюлган ысымына байланыштуу өзгөчөлүктөр бар экени тууралуу кептер көпчүлүк элдин фольклорунда айтылып келген. Байыртан кээ бир акылман адамдар адамдын тагдырын анын ысымын өзгөртүү менен да башка нукка салса болот деп эсептеп келишкен. barometr.kg  мунун жообун издөөгө аракет кылып көрдү. 

Айрым урууларда ооруган адамга жаңы ысым ыйгарган адат эмдигиче сакталып келет. Ал эми Украинада миңдеген адамдар  жыл сайын жашоо тагдырын өзгөртүш үчүн паспортун өзгөртүшөт экен. Кыргыздарда дагы атка өзгөчө маани беришет. Ал тургай катары менен кыз төрөп жаткан аялдын кыздарына эркек уул төрөсүн деп “Бурул”, балдары чарчап калган учурда ырымдап Токтобек койгон учурлар кездешип жүрөт.

Бул жөн гана мистикабы же буга кандайдыр бир илимий жооп барбы. Буга илимпоздор кандай дейт. Россиянын Адамды изилдөө борборунун психоаналитиги, философия илимдеринин кандидаты Олег Калицкий бул боюнча көп жылдар изилдөө жүргүзгөн.

“Жаңы төрөлгөн ымыркайда биринчи эске тутуу деген механизм аябай күчтүү иштейт. Ошондуктан адамга биринчи кулагына угузулуп айтылган ысым анын подсознаниесине (бейаңсезимине) ушунчалык бекем орноп калат жана бара- бара бул аны идентификациялоочу кодго айланат. Бул код-ысымга тамгалардын вибрациясы таандык болот, ал эми тамгадан чыккан тыбыштар болсо өз кезегинде мээнин ар кайсы бөлүгүндөгү участокторду козгойт. Мындан улам ачык жана туюк айтылган ар кандай тыбыштардан улам адамдын мүнөзү калыптанат”,-деген жыйынтык чыгарган Калицкий.

Мисалы, адамдын ысымындагы тамгалардын вибрациясы күчтүү болсо  өзүн ошондой сезет жана жашоодон эч нерсеге эрки майтарылбай күчтүү эркке ээ болот. Ошондой эле аты окшош адамдар бири-бирине жакшы симпатия болорун дагы психоналиктик байкоо жүргүзгөн.

“Ал эми адам өзүнүн тагдырын өзгөрткүсү келип ысымын өзгөрткөн учурлар да болот. Бул чыны менен иштейби иштебейби эч кимге белгисиз. Бир четинен психологиянын тили менен алганда адам ушундай жол менен өзүн башкача программалоого аракет кылат”,-дейт Калицкий.

Демек ысымга байланыштуу элдик ырым-жырымдар дагы тегин жерден келип чыккан эмес экен деген жыйынтык чыгарсак болот.

Ссылка: https://barometr.kg/adamdyn-tagdyry-ysymyna-bajlanyshtuu-bolobu



Добавить комментарий