Адамдын кайсы органы канча жаштан тарта картая баштайт?

19 апрель 2022 10:05 4115 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Адамзат табиятынан картаюу жана өлүү процесстерин баштан өткөрөт. Көпчүлүк адамдар жашы өткөндө бардык дене мүчөлөрү дагы картаят деп ойлошот. Ал туура эмес, анткени ар бир органдын жаш өзгөчөлүккө карата картаюу процесстери болот. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Өпкөнүн картаюусу 20 жаш

Көптөгөн спортчулар 10 жашты күлүк жаш деп айтышат. Ал эми 20 жашка келгенде алардын көпчүлүгү спорт менен машыгууну токтотот. Анткени 20 жаштан тарта өпкөбүз картаюу жолуна өтө баштайт. 40 жашка барганда өпкөбүздүн кубаты кетип, чарчап, алсырап баштайт.

Теринин картаюу мезгили 25 жаш

Теридеги керектүү коллаген витаминин 25 жаштан азая башташын байкоого болот.

Булчуң эттердин картаюу учуру 30 жаш

Булчуң эттер неигизи эле бир пайда болуп, спортту токтотуп койгондо кайра жоголуп калганын байкоого болот. Адистер 30 жаштан тарта, булчуң эттер картаюу жолуна түшүп баштоосун эскертет. Ал эми 40 жаштан тарта күнүгө  0,2 пайызга булчуң эт азая баштайт.

Чачтын картаюу мезгили 30 жаш

30 жаштан тарта көпчүлүк адамдардын чачы түшүп баштайт. Көптөгөн адамдар 35ке келгенде ак чач пайда болгонун байкоого болот. Чачтын картаюусу андагы мелонин затынын азаюусуна байланыштуу.

Жыныстык мүчөлөр 35 жаштан тарта картаюуга учурайт

Энелик тукум клеткасынын азаюусу, аялдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша. Мисалга, 35 жаштан өткөндө аялдардын балалуу болуу мүмкүнчүлүгү азаят. Себеи, алардын жатыны жукарып, эркектик уруктукту жакшы кабыл албай калат. Эркектерде дагы 35 жаштан өткөндө уруктугунун сапаты начарлап, балалуу болуу мүмкүнчүлүгү азаят.

Сөөктөдүн картаюу учуру 35 жаш

Адамдардын сөөгү 35 жаштан өткөндө жукарып, андагы омуртка жана бой өспөй калуу оорууларын байкоого болот.

Көздүн картаюу мезгили 40 жаш

Биздин көзүбүздүн кубаты 40 жаштан өткөндө кете баштайт.

Тиштин картаюу учуру 40 жаш

Адамдар картайган кезде, анын шилекейи азая баштайт. Шилекей бактерияларды өлтүрүүчү касиетке ээ. Шилекей азайганда тиш менен эттин бошошуп калышын себеби дагы дал ушунда.

Бөйрөктүн картаюу мезгили 50 жаш

Бөйрөк кандагы зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруучу орган. 50 жаштан тарта бөйрөктүн мындай аткаруу процесси төмөндөйт.

Ссылка: https://barometr.kg/adamdyn-kajsy-organy-kancha-zhashtan-tarta-kartaya-bashtajt



Добавить комментарий