Адам тууралуу кызыктуу 16 факты
Адам тууралуу жаза берсе сөз көп, каза берсе илим көп.Бүгүн barometr.kg сиздерге алардын бир нечесин сунуштайт.
1.Кызыктуу психологиялык “ИКЕА эффекти” деген мыйзам бар.Анын мааниси-адам өзүнүн колу менен жасаган нерсени баарынан көп баалайт.
2. Адамдын денеси түктөйүп кеткен учурлар көп эле болот, бул абдан эле кичинекей булчуңдар чыңалган кезде келип чыгат.
3. Эт жеген адамдын денесинен чыккан жыт күчтүү болот.
4. Эгерде топчу сыяктуу майда нерсени жутуп алсаңыз, ал болжол менен эки күндө организмден чыгат.
5. Башка адамды сүйүүгө умтулуу тамак сыяктуу эле эң башкы керектөөлөрдүн бири болуп саналат.
6. Сүйүктүү адам менен мамилени үзүү таң калыштуу көрүнүшкө алып келет-ал адамды ого бетер катуу сүйө баштайсыз.
7. Адамдын чачы бир нече тоннага чейинки жүктү көтөрө алат,болгону анын баарын бир жерге чогуу топтоп колдонуш керек.
8. Мээнин 60 пайызы майдан турат, ал клеткалардын кабыкчаларын турукташтырууга керек болот.
9. Үн чыгарып китеп окуган менен унчукпай китеп окуганда мээнин ар түрдүү бөлүгүндөгү механизмдер иштейт.
10. Бир музыканы аткарып жаткан музыканттардын мээ толкундарын текшерген алар бирдей чыга баштаганы аныкталган, ал эми хор аткарган ырчылардын жүрөк ритмдери дагы бирдей кагат.
11. Өзүңүзгө өзүңүз үн чыгарбай эле ичиңизден бир нерсе десеңиз үн байламталары аны үн чыгарып айткандай эле кабыл алып иштейт.
12. Адамдын көрүү бөлүмү баш мээнин арткы тарабында жайгашкан, ошондуктан желкеге чапканда көздөн от чагылышып кеткендей туюлат.
13. Адамдын денесинде бактериялардын клеткалары организмдин өзүнүн клеткаларынан дагы көп.
14. Бир жылдын ичинде адам болжол менен үч жарым килограммадай терисин түлөп жатып жоготот.
15. Адамдын баардык генинин 1 пайызы өсүмдүктөрдүн генинен турат.
16. Адамдын денесиндеги баардык кан вена аркылуу бир мүнөттүн ичинде дененин бүт бөлүгүн айланып чыгат.
Ссылка: https://barometr.kg/adam-tuuraluu-kyzyktuu-21-fakty
Добавить комментарий ×