Адам сиз менен чатакташкысы келип жатса эмне кылуу керек?

23 март 2022 12:10 1995 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сиздин айланаңызда атайлап чатак же болбосо конфликт чыгаргысы келген адамдар болуп калышы толук мүмкүн. Алардын баары кооптуу провокатор-манипулятор болуп саналат. Же болбосо психикасында көйгөй бар, же кыйын жагдайда өзүн кантип алып жүрүштү билбеген адамдар болушу ыктымал. Провокацияга кантип алдырбоо керек? Бул тууралуу barometr.kg психологдун кеңешине таянуу менен төмөнкү кеңештерди сунуштайт.

Мындай адам биринчи кезекте сиздин баардык эмоцияларыңызды чыгарууга аракет кылат.Сиз эмоцияга алдырып жиберсеңиз, ал дал ушул толкунду пайдаланып өзүнө керектүүнү жасатып алат. Эң биринчи кезекте провокатордун мотивдерин түшүнүү кажет. Бул жерде жооп ар кандай болушу ыктымал.

Анын биринчи мотиви-башка адамдардын көзүнчө сиздин шагыңызды сындыргысы келип жатат. Экинчи бир мотиви-ал адамдардын баарын башкаргысы келгенден улам жаман сөз айтууну каалаган адам.Көп учурда психикалык травмасы көп адам башкаларды башкаргысы, өзүнө көңүл бурдургусу келе берет.

Анын мотивдерин түшүнгөндө кылып жактан ишине көп көңүл бөлбөй каласыз, анткенип жагдайды колго аласыз.

Ар бир жагдайга жараша төмөнкү реакцияларды тандап алсаңыз болот.

1)Унчукпай кутулуу

Жөн гана анын кылык-жоруктарын байкабай койсоңуз болот жана буга чейин жасап келген ишиңизди жасоону уланта бериңиз.

2) Тыным алуу

Көңүл бурбай телефонго жооп узатып, же мекемеде болсоңуз сыртка чыгып чай ичип, башка жумушка тез арада кирип кетиңиз.

Алыр тез арада бүтүрө турган жумуштарым бар жана аны кийин угам деп коеп кете бересиз. Мындай учурда чатак чыгаргысы келген адам бастыгып калганда келесиз.

3) Бетин ачуу

Жөн гана карап туруп эмнеге чатакташкысы келип жатканын жай эле сурап коесуз. Ошондой эле чатакташуудан эмне максатты көздөп жатканын дагы кошумчалап сурайсыз.

4) Тамашалап кутулуп кетсеңиз да болот

Кээ бир адамдар менен чатакташуудан көрө тамашалап кутулуп кетсеңиз дагы болот.

5) Аралыкты сактаңыз

Мүмкүн болушунча чатакташкысы келген тарап менен дайыма аралыкты сактаганга аракет кылыңыз.Тактап айтканда андан денеңизди алыс кармаңыз жана психикаңызды дагы сактаңыз.Негативдүү ойлоруна жетеленбеңиз.

6) Убакытты создуктуруңуз

“Кел бул маселени шашпай ачууң тараганда чечели” деп кетип калсаңыз дагы бир вариант. Убакыттын өтүшү менен провокатор дагы чатактан алыстап калат.

Эң негизги маселе-бул жерде эмоцияга алдырбоо болуп саналат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/adam-siz-menen-chataktashkysy-kelip-zhatsa-emne-kyluu-kerek



Добавить комментарий