Ачуу чыңырып боюун таштап жиберген. Кара-Сууда кыз көпүрөдөн кулап каза болду

26 март 2021 11:49 6498 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош облусунун Кара-Суу районунда көпүрөдөн боюун таштап жиберген кыздын видеосу интернетте желдей таркады. Окуяны Ош облустук милициядан тастыктап, кыздын каза болуп калганын кабарлашты. Бул тууралуу ОШ ОИИБнин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Милициянын айтымында, кечээ, 25-март күнү саат 17:45 чамасында Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында орун алган Дача участкасында белгисиз жаран бийиктиктен боюн таштап каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктарын бирдиктүү реестрине 136-берене "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барганда Орусиянын 26 жаштагы жараны аталган айыл аймагында орун алган Дача участкасында жайгашкан көпүрөдө белгисиз жагдайда бийиктиктен кулап кетип, окуя болгон жерде каза болгондугу аныкталган. Тергөө тобу тарабынан окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Маркум жөнүндө маалымат: Орусиянын жараны, улуту кыргыз, 2020-жылдын май айында Ош шаарында жайгашкан Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин 6-курсун аяктаган. 2020-жылдын октябрь айларында Орусиянын Тюмень облусунда жашаган ата-энесине кетип, 2021-жылдын 24-март күнү таңга жуук Москва шаарынан келген, жогорку билимдүү, бойдок", - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/achuu-chyyryp-boyuun-tashtap-zhibergen-kara-suuda-kyz-kprdn-kulap-kaza-boldu



Добавить комментарий