Футбол. Кыргызстан-Япония. Абылгазиев улуттук курамага стадионго барып күйөрмандык кылды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2022-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка тандоонун алкагында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Япониянын командасы менен беттешкен Кыргыз Республикасынын футбол боюнча курама командасын колдоо үчүн стадионго барды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.
Өкмөт башчы Д. Өмурзаков атындагы стадиондо эки команданын футболчуларынын оюнун көрдү.
Белгилей кетсек, 2022-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы F тайпасында Тажикстан, Япония, Мьянма жана Монголия командалары менен ойноп жатат. Футбол боюнча чемпионаттын финалдык бөлүгү 2022-жылы Катар мамлектинде өтөт.
Эске салсак, беттеш 2:0 Япония курама командасынын пайдасына аяктады.
Ссылка: https://barometr.kg/abylgaziev
Добавить комментарий ×