Абакта отурган жаран ишкерди телефон аркылуу ири суммага алдап кеткен

18 июль 2023 09:46 508 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ишкерди абакта жазасын өтөп жаткан жаран телефон аркылуу 250 миң сомго жакын алдап кеткен. Бул тууралуу ИИМдин мааалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Панфилов районунун 35 жаштагы тургуну телефон алдамчыларга карата чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган.

“Арыздануучунун айтымында, өзү жеке ишкер, ун сатуу менен алектенет жана интернетте өз продукциясын жарнамалайт.  

Июнь айынын ортосунда ага “lalafo” мобилдик тиркемеси аркылуу белгисиз адам байланышып, ири өлчөмдө ун сатып алууну көздөп жатканын айткан. Ал тез эле ишкердин ишенимине кирип, 8 тонна унду машинага жүктөтүп, Токмок шаарындагы башка кампага жөнөтүүгө көндүргөн. Кийин ун башка жарандарга сатылып, 224 миң сомду  алдамчылар ээлеп алган.

Бул факты боюнча Токмок ШИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси “Алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Чүй жана Талас облустары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Токмок шаардык ички иштер бөлүмү менен биргеликте жүргүзүшкөн.  

Жакында алынган маалыматка караганда, ишкер белгисиз адам менен ундун ири партиясын ага берүү  жөнүндө  макулдашкан.

Алдамчылыктын схемасы боюнча, алдамчы чыныгы сатуучу менен кардардын ортосунда ортомчу болгон. Жабырлануучу эч нерседен шек санабастан унду жөнөткөн, ал эми 224 миң сом акчаны алдамчы жөнөткөн таксист алган. Андан соң, таксист жогорудагы акчак каражатын шектүүнүн эсебине которгон.

Бул алдамчылык аракети сатуучуга акча жетпей калгандан кийин аныкталган. Белгисиз адам ишкерлерди, айдоочуларды, кампа кызматкерлерин өз кылтагына илген.

Бул кылмыштын бетин ачуу максатында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсү менен биргеликте комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Жогорудагы алдамчылык фактыларына эркиндигинен ажыратуу жайында жазасын өтөп жаткан жарандын тиешеси бардыгы аныкталган.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери ЖАКтын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүшкөн иштердин жыйынтыгы менен Чүй облусунун аймагында жайгашкан күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында каракчылык  үчүн соттолуп, жазасын өтөп жаткан жаран А.А. аныкталып, кармалды. Кармалган адам Токмок шаарындагы ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат. Кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/abakta-oturgan-zharan-ishkerdi-telefon-arkyluu-iri-summaga-aldap-ketken



Добавить комментарий