Абайлагыла фото. Новопавловкада кишинин сөөгү табылды, милиция көмөк сурайт
26-июнда Новопавловка айылында, Чоң чүй каналынын түштүк жээгинде азиат түспөлүндөгү эркек кишинин сөөгү табылган. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Эркек кишинин болжолдуу жашы курагы 55-60 жаштын тегерегинде. Белгилери: бою 155-160 см, арык чырай, чачтары кыска, көзү күрөң, бүтүгүй.
Көк сызыктары бар ак көйнөк, “Адидас” деген жазуусу бар спорттук костюм, кара шым, кара түстөгү кроссовки кийип жүргөн. Мойнунда темир ачкычы бар чынжырча болгон.
Бул киши тууралуу маалымат билгендер болсо милициянын 0(312) 60-75-67, 0(312) 60-75-13, 0(709) 88-07-31 телефондоруна байланышууну өтүнүштү.
Ссылка: https://barometr.kg/abajlagyla-foto-novopavlovkada-kishinin-sg-tabyldy-miliciya-kmk-surajt
Добавить комментарий ×