Аба ырайы: 8-сентябрда Бишкекте күн ачык болот
Бөлүшүү:
Бүгүн, 8-сентябрда Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» борбору берген маалыматка таянып "Барометр" билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда +21-26°
Талас облусунда +17-22°
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +24-29°
Ысык-Көл облусунда +17-22°
Нарын облусунда +18-23°
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы +24-25° ысык болот.
Ссылка: https://barometr.kg/aba-yrajy-8-sentyabrda-bishkekte-kn-achyk-bolot
Добавить комментарий ×