Аба ырайы: 1-октябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жайт

1 октябрь 2020 09:04 569 Barometr
Бөлүшүү:
ok

1-октябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жайт. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» борбору берген маалыматка шилтеме берип «Барометр» билдирет.

Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет. 

Абанын температурасы:

  • Чүй облусунда +14-19°
  • Талас облусунда +12-17°
  • Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында  +16-21°
  • Ысык-Көл, Нарын облустарында +12-17°
  • Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы +17-19° болот.

Ссылка: https://barometr.kg/aba-yrajy-1-oktyabrda-kyrgyzstandyn-kpchlk-ajmaktarynda-zhaan-zhajt



Добавить комментарий