Аба ырайы: 1-октябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жайт
Поделиться в:
1-октябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жайт. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» борбору берген маалыматка шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда +14-19°
- Талас облусунда +12-17°
- Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +16-21°
- Ысык-Көл, Нарын облустарында +12-17°
- Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы +17-19° болот.
Ссылка: https://barometr.kg/aba-yrajy-1-oktyabrda-kyrgyzstandyn-kpchlk-ajmaktarynda-zhaan-zhajt
Добавить комментарий ×