90 жаштан ашкан адамдар эмнеге өкүнүшөт? Сиз да ойлонуңуз!

19 апрель 2023 08:15 9318 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Америкалык жазуучу жана социалдык кызматтын кызматкери  Лидия Сохн  жаш курагы 90дон ашкан жана андан жогору жашаган бир канча адам менен маектешип бир топ ачылыштарды жасаган.  Бул тууралуу  medium.com  басылмасына жарыялаган жазуучунун иликтөөсүнө шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Лидия улгайган адамдарга бир нече суроо берип алардын жашоо, карылык жана өлүм тууралуу ойлорун угуп таң калыштуу жыйынтыкка келген. Анын суроолору төмөнкүдөй болгон:

Жашоодо эмнеден өкүнөсүң?

Көпчүлүк карылар акча таппай калдык, карьера курбай калдык деп өкүнгөн эмес. Алар жакындары менен үй-бүлөсү менен жакшы мамиле кура албай калдык деп өкүнүшкөн. Жеке жашоосунда көп каталарды кетирип аялын же күйөөсүн же сүйүктүүсүн капа кылганына өкүнүшкөн.

Алардын эң бактылуу курагы кайсы болгон?

Эң эле бактылуу курак дешип улгайгандар 20 жаштан 46 жашка чейинки курактарын айтышкан.Таң калыштуусу андан соң 70 жаштан өткөн куракты дагы бактылуу курак деп аташкан. Балким бул учурда адам жашоого көбүрөөк философиялык мамиле кылып өзүнүн карьералык дымагын алдыга чаап же үй-бүлөлүк маселелерге мурдагыдай баш оорутпай калганынан улам болушу мүмкүн деп жыйынтык чыгарышкан. Баардык адамдар эң эле бактылуу кез деп балдар кичинекей болуп, жубайлары аман-эсен, баары бир үй-бүлөдө бир үйдө жашаган учурларын эскеришкен.

Көпчүлүгү карылыкты корко турган курак эмес, тескерисинче көп эркин боло турган курак деп белгилешкен.

Ушунун баарынан кийин Лидия төмөнкүдөй жыйынтыкка келген. Карылык баары ойлогондой коркунучтуу эмес. Анан калса ушул куракта дагы адамдар жаш кездегидей эле романтикага көңүл бөлүп, романтикага кызыгып турушат. Экинчиден канчалык оор болсо дагы балдарды тарбиялоо, убакыттын жоктугу, жумуш, үй милдеттери карыганда сүйүү жана жылуулук менен эскере турган нерселер экен. Дал ушул күндөр өмүрдүн соңунда жашоонун эң эле бактылуу кези болуп эсептелип калат экен.

Ошондуктан азыр эмне болуп жаткан болсо ошонун баарын азыркы учурда баалай билиңиз!

Ссылка: https://barometr.kg/90-zhashtan-ashkan-adamdar-emnege-knsht-siz-da-ojlonuuz



Добавить комментарий