9-октябрда Жалал-Абад облусунда абал туруктуу

9 октябрь 2020 11:01 799 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абадда облусунда абал туруктуу. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Жалал-Абад облусунун аймагында коомдук-саясий абал туруктуу. Милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздап жатышат. Ар кандай массалык талап-тоноочулуктардын алдын алуу максатында жүргүзүлгөн жумуштарга ыктыярдуу элдик кошуундун өкүлдөрү көмөктөшүүдө. Аларга милиция кызматкерлери менен катар инструктаж өткөрүлүп, топтолгон жарандар болсо таратуу керектиги жеткирилүүдө. Тиешелүү тапшырмаларды алышкан соң бөлүнгөн аймактарында аба-ырайынын өзгөрүүсүнө карабай кызмат өтөшүүдө”, деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/9-oktyabrda-zhalal-abad-oblusunda-abal-turuktuu



Добавить комментарий