9 күндөн кийин AstraZeneca вакцинасын сактоо мөөнөтү аяктайт
Бөлүшүү:
Кыргызстанда COVAX линиясынын алкагында келген AstraZeneca вакцинасынын сактоо мөөнөтү 30-сентябрда бүтөт. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун башчысы Гульбара Ишенапысова жергиликтүү ЖМКларга билдиргенин “Барометр” кабарлайт.
Ишенапысова аталган вакцина менен республикада 35 миңдей адам эмделгенин, дагы 190 миңдей доза калганын билдирди.
Кыргызстан AstraZeneca вакцинасынын 40 миң дозасын Азербайжандан да алып, анын сактоо мөөнөтү 31-августта аяктаган.
Ссылка: https://barometr.kg/9-kndn-kijin-astrazeneca-vakcinasyn-saktoo-mnt-ayaktajt
Добавить комментарий ×