8-март күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп, 14 жаштагы Ариет издөлүүдө
Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарынын 14 жаштагы тургуну Ариет Эгамбердиев 8-март күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. “Барометрге” баланын атасы Замирбек Айтбаев жардам сурап кайрылды.
Атасынын айтымында, уулу Ариет 8-март күнү классташ кыздарын майрамы менен куттуктайм деп, бир аз акча сурап кеткен. Ошол бойдон үйүнө кайрылып барган эмес. Сурабаган таанышы, издебеген жери калган эмес. Айласы кеткен ата уулун издөөгө жардам сурап ММКларга кайрылууну туура көргөн.
Ариеттин жүргөн жерин көргөн-билгендер болсо кабар берип коюшуңуздарды өтөнөнбүз.
Байланыш үчүн телефон номерлер: 0709 06 86 96; 0776 23 54 36 .
Ссылка: https://barometr.kg/8-mart-kn-jnn-chygyp-ketken-bojdon-dajynsyz-bolup-14-zhashtagy-ariet-izdld
Добавить комментарий ×