600 спортчунун ичиненен Кыргызстандык Адилет Камчыбеков коло медаль жеңди

23 март 2021 13:57 1390 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасында жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү Адилет Камчыбеков пара-жеңил атлетика боюнча гран-приде коло медаль жеңди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Маалыматка ылайык, пара-жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Адилет Камчыбеков жана Арстанбек Базаркулов машыктыруучусу Алмаз Абиров менен бирге 18-20-март күндөрү Тунисте өткөн лицензиялык «Гран-при» мелдешине катышты. 

"Адилет Камчыбеков дискти ыргытууда коло медаль жеңди. Ошондой эле ал найза ыргытууда F-42 группасында (туруп) 7-орунду, ядрону түртүү боюнча 5-орунду ээледи. 

Мындан тышкары, Арстанбек Базаркулов найза ыргытууда F-34 группасында (коляскада) 8-орунду, ядрону түртүү боюнча 7-орунду, дискти ыргытуу боюнча 4-орунду ээледи. 

Белгилей кетсек, мелдешке дүйнөнүн 59 өлкөсүнөн 600 спортчу катышты", - деп айтылат маалыматта. 

Адилет Камчыбековдун иш-сапары Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланган

Ссылка: https://barometr.kg/600-sportchunun-ichinenen-kyrgyzstandyk-adilet-kamchybekov-kolo-medal-zhedi



Добавить комментарий