600 спортчунун ичиненен Кыргызстандык Адилет Камчыбеков коло медаль жеңди
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасында жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү Адилет Камчыбеков пара-жеңил атлетика боюнча гран-приде коло медаль жеңди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалыматка ылайык, пара-жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Адилет Камчыбеков жана Арстанбек Базаркулов машыктыруучусу Алмаз Абиров менен бирге 18-20-март күндөрү Тунисте өткөн лицензиялык «Гран-при» мелдешине катышты.
"Адилет Камчыбеков дискти ыргытууда коло медаль жеңди. Ошондой эле ал найза ыргытууда F-42 группасында (туруп) 7-орунду, ядрону түртүү боюнча 5-орунду ээледи.
Мындан тышкары, Арстанбек Базаркулов найза ыргытууда F-34 группасында (коляскада) 8-орунду, ядрону түртүү боюнча 7-орунду, дискти ыргытуу боюнча 4-орунду ээледи.
Белгилей кетсек, мелдешке дүйнөнүн 59 өлкөсүнөн 600 спортчу катышты", - деп айтылат маалыматта.
Адилет Камчыбековдун иш-сапары Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланган
Ссылка: https://barometr.kg/600-sportchunun-ichinenen-kyrgyzstandyk-adilet-kamchybekov-kolo-medal-zhedi
Добавить комментарий ×