60 жашка таяп калса да 30 жаштагыдай көрүнгөн киши жаштык сырын ачты
56 жаштагы Энди Уилкинсон Англиянын Ковентри шаарында жашайт. Ал алтымышка чамалап калса да 30 жаштагы жигиттей көрүнөт. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.
Ага ылайык, британиянын тургуну беш жылда мурда бизнестен кетип, бош убактысынын барын спортко бөлгөн. Аны жергиликтүү спорт залдардын бири фитнес-тренер катары кызматка алган. Энди Уилкинсон жаш көрүнгөнүнүн биринчи себеби дал ушул спорт. Ал көп кыймылдап, булчуңдардын картайып кетишине жол бербейт.
Учурда 30 жаштагы жигиттей көрүнгөн Энди Уилкинсондун үч кызы жана жети небереси бар. Аны тааныбагандар кыздарынын жигити катары кабылдашат.
“Жети неберем бар экенин айтсам эч ким ишенбейт. Көптөгөн жаш кыздар Instagram баракчам аркылуу достошкусу келет”, — дейт ал.
Уилкинсон жаш көрүнүүсүнүн дагы бир себеби генде болушу мүмкүн дейт. Ал акыркы жылдары туура тамактанууга өтүп, уйкусун кандыра уктай турганын дагы кошумчалаган. 60ка таяп калган чоң ата жаш көрүнүүнүн дагы бир сыры ыгы жок эле тынчсызданбоо керектигинде экенин айтат.
“Мен бүгүнкү күн менен гана жашайм, анан жаман нерсе тууралуу ойлонбойм”, — деди ал.
Уилкинсон башка кишилерди дагы шыктандырып, ден соолукта болууга жардам бере аларын белгилеген.
Ссылка: https://barometr.kg/60-zhashka-tayap-kalsa-da-30-zhashtagydaj-krngn-kishi-zhashtyk-syryn-achty
Добавить комментарий ×