6-класста окуган беш бала 18 жаштагы кызды зордуктап кармалышты
“Германиянын Мюльхайм-на-Руре шаарында 12 жана 14 жашка чыккан беш бала 18 жаштагы кызды зордуктап кармалышты. Бул жаңылык коомчулукта кызуу талкууну пайда кылды”,-деп кабарлайт Deutsche Welle.
Жаман окуя 5-июлда болгон. Окуянын күбөсү итин токойлуу аянтта жетелеп бара жатып балдардын кызга зомбулук көрсөтүп жатканын көрүп калган.
Полиция 12 жана 14 жаштардагы болгар улутундагы беш баланы кармады жана алар мектептеги окуусунан четтетилди.
Жабыркаган кыз ооруканага жаткырылды. Укук коргоо органдары зордуктоо узак убакыт болгонун эскертишти.
Бирок Германиянын мыйзамдарында 14 жашка чейинки балдарга жаза каралган эмес. Аларды ата-энеси жазалоого тийиш.
Ссылка: https://barometr.kg/6-klassta-okugan-besh-bala-18-zhashtagy-kyzdy-zorduktap-karmalyshty
Добавить комментарий ×