6-кабаттан секирген кыз эсине келди, бирок абалы оор
Бишкек шаарында Туңгуч кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн алтынчы кабатынан секирген кыз денесинен жана ички органдарынан көп жаракаттарды алган. Бул тууралуу Саламаттыкты Сактоо министрлигинин маалымат кызматчысы Жылдыз Айгерчинова Barometr.kg сайтына маалымдады.
"Кечээтен бери жаш кыз эсине келбей жаткан. Учурда эсине келди. Ички органдарынан жана денесинен көптөгөн жаракаттарды алган. Азыр жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат"-деп билдирди басма сөз кызматы.
Ал эми Ички иштер министрлигинен кыздын суицидге барган себеби иликтенип жаткандыгын, экспертизалар дайындалгандыгын кабарлашты.
Эске салсак, кечээ 20-февралда саат 14:00дөр чамасында Туңгучтагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 6-кабатынан өспүрүм кыз өмүрүн кыюуга аракет кылып боюн таштаган. Аны милиция кызматкерлери килем менен тосуп аман алып калышкан. Кыз куткаруучулардын жана ылдый жактагы адамдардын суранычына карабастан секирген.
Ссылка: https://barometr.kg/6-kabattan-sekirgen-kyz-esine-keldi-birok-abaly-oor
Добавить комментарий ×