Израилде дарыгерлер кырсыктан өспүрүмдүн үзүлүп кеткен башын улап коюшту

14 июль 2023 10:48 548 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Израилде дарыгерлер укмуштуудай операция жасап, унаа сүзүп кеткенде үзүлүп кеткен баланын башын калыбына келтирүүгө үлгүрүштү. 
Бул тууралуу Fox News телеканалына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондрй, 12 жаштагы бала катуу жаракат алып ооруканага түшкөн. Дарыгерлердин айтымында, анын башы моюнунун түбүнөн дээрлик ажырап калган.

"Баланын баш сөөгүнүн үстүнкү омурткалары жулунуп кеткен  . Дароо дарыгерлер тез чечим кабыл алып, команда менен татаал операциянын жана колдонулган акыркы технологиянын аркасында гана баланы тирүү алып калышкан”, - деди операцияны жетектеген ортопед доктор Охад Эйнав.   

Дарыгер операциядан кийин аман калуу мүмкүнчүлүгү бейтаптын 50 пайыз экенин белгиледи.  

Бирок, дарыгерлер мындай жаракаттан кийин бала толук жашоо мүмкүнчүлүгүн сактап калат деп толук айта алышкан эмес.     

Ага карабастан, 12 жаштагы бейтап өзүн жакшы сезип, бир айдан кийин ооруканадан чыгарылган.    

"Баланын неврологиялык жактан баары жакшы, сенсордук же мотордук дисфункциясы жок, ал кадимкидей эле башкалардын жардамсыз баса берет. Бул укмуштуудай", - деди Эйнав.       
Доктор Марк Сигел, медицинанын клиникалык профессору жана NYU Langone медициналык борборунун жалпы практикалык дарыгери операция эмне үчүн ийгиликтүү болгонун түшүндүрдү. Анын пикиринде, жаракаттын кесепетинен баш омурткадан бөлүнүп калганына карабастан, негизги кан тамырлар бүтүн бойдон калып, мээни кан менен камсыз кылып турган. Ал ошондой эле, адатта, мындай операциялар скелеттин структуралык өзгөчөлүктөрүнөн улам балдарга жана өспүрүмдөргө жасалбаганын жана израилдик дарыгерлердин баланы сактап калууга жетишкени алардын эң жогорку кесипкөйлүгүнөн кабар берерин белгиледи. 
 
 
 
 
 
 
 
 
 


Ссылка: https://barometr.kg/izrailde-darygerler-kyrsyktan-sprmdn-zlp-ketken-bashyn-ulap-koyuushtu



Добавить комментарий