5-июндун аба ырайы: Бишкекте өткүн өтүшү ыктымал

5 июнь 2021 09:08 512 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

5-июнда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад  облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүшү ыктымал. Баткен жана Ош облусунда жаан-чачын жаабайт.

Бул тууралуу "Кыргызгидромет” борборунун маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

 

Абанын температурасы:

Чүй облусунда +32… +37°;

Талас облусунда +29… +34°;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +33… +38°;

Ысык-Көл облусунда +23… +28°;

Нарын облусунда +23… +28°;

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын температурасы +34… +36° болот.

Ссылка: https://barometr.kg/5-iyundun-aba-yrajy-bishkekte-tkn-tsh-yktymal



Добавить комментарий