5-июндун аба ырайы: Бишкекте өткүн өтүшү ыктымал
Поделиться в:
5-июнда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүшү ыктымал. Баткен жана Ош облусунда жаан-чачын жаабайт.
Бул тууралуу "Кыргызгидромет” борборунун маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда +32… +37°;
Талас облусунда +29… +34°;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +33… +38°;
Ысык-Көл облусунда +23… +28°;
Нарын облусунда +23… +28°;
Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын температурасы +34… +36° болот.
Ссылка: https://barometr.kg/5-iyundun-aba-yrajy-bishkekte-tkn-tsh-yktymal
Добавить комментарий ×