Кадамжайда күйөсү аялын бычактап өлтүрүп өзү асынып алган

21 июнь 2022 13:28 1889 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кадамжайда 35 жаштагы жаран аялын бычактап өлтүрүп анан өзү асынып алган. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, каргашалуу окуя, 19-июнь түнү болжол менен 04:00 чамаларында болгон. 

"Кадамжай шаарындагы Металург көчөсүндө жайгашкан үйдө 1987-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран өзүнүн жолдошу менен өз ара пикир келишпей урушуп кетишкен.  Жолдошу 1987-жылы туулган  Б.Б. ашкана бычагы менен жубайы Н.Б.нын денесине бир нече жолу сайып, мыкаачылык менен өлтүргөн.

Анан, кылмышка шектүү жолдошу Б.Б. Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагынын айылдарынын бириндеги бүтө элек үйүнө барып, үйдүн экинчи кабатында өзүн-өзү асып каза болгон жеринен табылган" , - деп айтылат маалыматта.

Бул фактылар Кадамжай РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 7-пункту  (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатканы кабарланды. 

Ал эми, жубайлардын артында 3 уул 1 кызы жетим калды.

Ссылка: https://barometr.kg/4-bala-zhetim-kaldy-kadamzhajda-zharan-ayalyn-bychaktap-ltrp-z-asynyp-algan



Добавить комментарий