"4 бала ооруканада". Баткенде окуучулар арасындагы массалык мушташтын чоо-жайы
Баткенде окуучулар арасында болгон массалык мушташтын чоо-жайы тууралуу милиция маалымат таркатты. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Эске сала кетсек, буга чейин, соцтармакта “Баткенде окуучулар арасында массалык мушташ болуп, үч окуучу оор абалда ооруканада жатат” делген видео таркап жаткан.
Маалым болгондой, окуя 15-апрель куну саат 13:30дар чамасында Баткен районунун Кара-Бак айылындагы Бото Нарматов орто мектебинин окуучуларынын арасында болгон.
“Кече, 15-апрелде 8-класстын окуучуларынын ортосунда топтошуп мушташ чыккан.
Бул маалымат Баткен РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшеруу иштери журо баштаган.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө Баткен биргелешкен ооруканасына 15-апрель күнү кечки саат 23:00 чамаларында Кара-Бак айлынын 15жаштагы 4 жаш өспүрүмү кайрылгандыгы белгилуу болду.
Ошондой эле, бул топтошкон мушташуунун себеби урууларга бөлүнгөндүктөн келип чыкканы аныкталды.
Бул факты Баткен РИИБнын КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды”, - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/4-bala-oorukanada-batkende-okuular-arasyndagy-massalyk-mushtashtyn-choo-zhajy
Добавить комментарий ×