38 миңден 46 миңге чейин. Коронавирус чыккан жерде иштеген дарыгерлерге март айына компенсация төлөнүүдө

9 апрель 2020 11:26 1409 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Саламаттык сактоо министрлиги 8-апрелде COVID-19 жуктуруу очокторунда иштеп жаткан медкызматкерлерге март айынын компенсациялык төлөмдөрүн бере баштады. Ага ылайык, төлөмдөр эки категорияга бөлүнгөн. Алар:

1) карантиндик-казармалык абалдагы кызматкерлер үчүн;

2) күндүзгү нөөмөт графиги менен иштеп жаткан кызматкерлер үчүн.

Компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмү:

- дарыгерлер үчүн 46 миӊ сомго чейин;

- орто медперсонал үчүн 41 миӊ сомго чейин;

- кенже тейлөөчү персонал үчүн 38 миӊ сомго чейин;

- нөөмөт графиги боюнча иштегендерге 29 миӊ сомго чейин.

“Төлөмдөрдүн өлчөмү медкызматкердин категориясынан жана жуктуруу очокторунда жүргөндүгүнөн көз каранды”, - деп белгиледи КР Саламаттык сактоо министрлигинин финансы башкармалынын башчысы Мирлан Атакулов.

Андан сырткары өкмөт коронавирус жуккан бейтаптарды дарылап жатып илдет жуктурган жана андан каза болгон дарыгерлерге дагы компенсация төлөө каралып жатканын билдирди. Негизинен сөз 200 миң сом жана 1 миллион сом тууралуу болуп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/38-miden-46-mige-chejin-koronavirus-chykkan-zherde-ishtegen-darygerlerge-mart-ajyna-kompensaciya-tlnd



Добавить комментарий