31-декабрь күнү жабык боло турган Бишкектеги көчөлөрдүн тизмеси

29 декабрь 2018 14:54 1212 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

31-декабрда Бишкектин айрым борбордук көчөлөрүндө унааларга чектөө киргизилет. Мындай маалыматты жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти:

Жабыла турган көчөлөрдүн тизмеси жана убактысы:

Чүй кең көчөсүнүн Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү саат 08:00дө жабылат.

Абдымомунов көчөсүнүн Раззаков көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Киев көчөсүнүн Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат, бирок автобус жана троллейбустар үчүн ачык болот.

Абдумомунов жана Киев көчөлөрү саат 17:00дө жабылып, борбордук аянттагы майрамдык иш-чаралар соңуна чыкканга чейин жабык болот.


Ссылка: https://barometr.kg/31-dekabr-kn-zhabyk-bolo-turgan-bishkektegi-kchlrdn-tizmesi



Добавить комментарий