31-август Эгемендик майрамында жарандар «Ала-Тоо» аянтына киргизилбейт

28 август 2020 10:18 37585 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бул жылы Кыргызстанда 31-августта Эгемендик майрамына карата өткөрүлчү иш-чара адаттан тышкары болот. Борбор калаадагы «Ала-Тоо» аянтында өтүүчү иш-чара президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда онлайн өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, аянтка жарандар киргизилбей, мамлекеттик телеканалдарда онлайн көрсөтүлөт.

Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам ушундай чечим кабыл алынганы айтылды.

Майрамдык салтанат күндүз саат ондо башталып, расмий бөлүгү бир саатка созулат. Иш-чара түнкү саат ондо салют менен жыйынтыкталат.

Быйыл кыргызстандыктар Эгемендик майрамынын 29 жылдыгын майрамдашат.

Ссылка: https://barometr.kg/31-avgust-egemendik-majramynda-zharandar-ala-too-ayantyna-kirgizilbejt



Добавить комментарий